Бишкек, 10.04.18. /Кабар/. Айжан Съездбекова Чиангмай (Таиланд) шаарындагы шахмат боюнча Азия чемпионатында “күмүш” медаль утту.
Чемпионат 1нен 10-апрель аралыгында Чиангмай, Таиландда өттү.
Кыргызстандын атынан 12 спортчу барган.
КР аталган споттун түрү боюнча федерациянын президенти Милан Турпанов билдиргендей, 9-апрелде блиц боюнча чемпионат өтүп, спортчулар 9 тур ойношкон.
Съездбекова 8 жашка чейинки категорияда ойноп, жеңишке жетишкен.
Пикир
Оставить комментарий