Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Ак-Бейит, Түз-Бел ашуулары кардан тазаланып, каттам берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Долон, Кызыл-Бел ашууларында суу аралаш кар жаап жатат, инерттик материалдар себилүүдө. Жол ачык, каттам бар.
Ак-Бейит, Түз-Бел ашууларында түнү менен жааган кардын калыңдыгы 20 см жетип эртең менен жол убактылуу жабылган. №957 жол тейлөө ишканасы тарабынан өз убагында тазалоо иштери жүргүзүлүп, каттам камсыздалды.
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда эч кандай чектөөлөр жок. Жол ачык, каттам бар. Жол тейлөө ишканалары тарабынан жол тазалоого керектүү техникалар жана инерттик материалдар даярдалып толук көзөмөл жүгүзүлүүдө.
Транспорт министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол жүрө турган айдоочуларды авто дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанына чынжырча алып жүрүүгө чакырат.
Пикир
Оставить комментарий