• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ак-Босого конушунда жаңы гүлбакча ачылды

Коом 0

Бишкек, 01.06.23. /Кабар/. Ак-Босого конушунда жаңы гүлбакча ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Алсак, "Бишкекжарык", "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканалары тарабынан аянтка тротуарлар төшөлүп, отургучтар орнотулуп, шаарды жарыктандыруу үчүн 24 даана бетон негиздер, торшерлер жана чырактар орнотулду. Ошондой эле паркка сапаттуу жарыктандыруу орнотуу үчүн 320 метр электр кабели тартылды.

Ал эми "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын жашылдандыруучулары тарабынан 200 жашыл көчөт, анын ичинен - 130 ийне жалбырактуу дарак, 70 кайың жана 45 клен отургузулду. Ошондой эле 2500 чарчы метр аянтка көк майсаң (газон) себилип, бир жылдык гүлдөрдөн клумба отургузулду.

Белгилей кетсек, сейил бактын куруу иштери 2022-жылдын ноябрь айында башталган. Аянтты курууга керектүү бардык материалдар Миграция боюнча эл аралык уюмдун демөөрчүлүгүнүн аркасында сатып алынган.

Пикир

Оставить комментарий