• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ак үйдүн алдында өзүн-өзү өрттөйм деп коркуткан жигиттин колундагы идиште суу болгон – Кайгуул кызматы

Коом 0


Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Ак үйдүн алдында жаш жигит өзүн-өзү өрттөйм деп коркуткан.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, Ак үйдүн жанынан өтүп бара жаткан жарандар, колуна суюктук куюлган бөтөлкө кармап алып, өзүн өрттөйм деп коркутуп жаткан жаш жигитти көрүп, милицияга кабар беришкен.

Окуя жерине келген милиция кызматкерлери ал жигит колунда кармап турган бөтөлкөдө суу болгонун аныкташкан. Кайгуул кызматкерлери аны кармабастан, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин кое беришкен.

Айрым маалыматтарга караганда, ал жигит Ак үйдү оңдоону талап кылып, жумуш табууда кыйналып жатканын айтып арызданган.

Пикир

Оставить комментарий