Ак-Кула ипподрому кайрадан аукционго коюлду

Коом 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Ак-Кула ипподромунун мүлк комплекси кайрадан аукционго коюлду.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, мүлк комплекси 33 лотко бөлүнгөн.

Муниципалитеттин карамагына мүлк комплексинин аймагында мектептер, бала бакчалар, инженердик курулуштар, жолдор жана жашыл аймактарды куруу үчүн жер тилкелери калтырылды.

Белгилей кетсек, биринчи аукцион 2024-жылдын 16-майында саат 10:00дө өтүшү керек болчу, арыздын жоктугуна байланыштуу бул аукцион өткөн эмес.

Ошондой эле 16-май күнү Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак жайларды долбоорлоо жана куруу үчүн 0,93 га жер тилкесин ижарага берүү боюнча электрондук аукцион өткөрүлүп, аукционго 6 арыз ээси катышты.

Белгилей кетсек, жылына 5 млн сом баштапкы ижара акысы менен сунушталган жер тилкеси жеңүүчүгө белгиленген жылдык ижара акысы 32 млн сом менен берилген.

Ошентип, учурда муниципалитет менен атамекендик ишкерлердин ортосунда ачык-айкын, өз ара пайдалуу кызматташуу түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий