• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Чолпон-Атанын пляждарындагы тосмолордун дээрлик 90 пайызы алынды

Аймак 0

Бишкек, 20.06.23. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарынын пляждарындагы тосмолордун дээрлик 90 пайызы алынды. Мындай иштер облустун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу максатында аткарылууда.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда Ысык-Көл районундагы төмөнкү пляж аймактарындагы тосмолор алып салынды: «Карвен Ысык-Көл», «Аврора» санаториясы, «Аврора Плюс» эс алуу борбору, «Costa Brava» эс алуу борбору, «Ак-Данис» пансионаты, «АВЭ-Ысык-Көл», «МАК» жана «Лазурный» конок үйлөрү, «Меридиан» пансионаты, «Радуга», «Ак-Марал», «Chaika Resort» эс алуу борборлору, «Royal Beach», «Botany Beach» отелдери, «Дилором» пансионаты.

Өкүлчүлүктөн аталган багытта эс алуу борборлорунун ээлери арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалашты.

Белгилей кетсек, президент “КР Президентинин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койгон.

Киргизилген өзгөртүүлөрдө Ысык-Көлдүн пляж аймактарына жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоол болгон пляж аймактарында жайгашкан тосмолорду (дубалдарды, торчолорду, темир торлорду) демонтаждоо каралган, ошондой эле аларды мындан ары курууга тыюу салынат.

Пикир

Оставить комментарий