• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ак-Ордо конушунда 280 орундуу бала бакча курулууда

Коом 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда бала бакча курулууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 2 кабаттуу, 280 балага ылайыкталган. Жер участогунун жалпы аянты 0,83 гектарды түзөт. Мекемени газ менен жылытуу каралган.

Имаратта таратуучу ашкана, буфет, уктоочу, жуунучу, оюн, кабыл алуу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, музыкалык, гимнастикалык зал, тазалык түйүмдөрү жана техникалык жайлар жайгашат.

Учурда имараттын темир-бетон каркасы толук бүтүп, чатырын жабуу, кирпич дубалдарды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий