Бишкек, 26.12.19./Кабар/. Ак-Ордо конушунда 300 көчөт туя отургузулду. Бул тууралууу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Ал көчөттөрдү "Бишкек жашылдандыруу" ишканасынын кызматкерлери Ак-Ордодогу Гагарин менен Тагай Бий көчөлөрүнүн кесилишинде отургузган.
"Жазында ал жерге дагы бак отургузууну пландап жатабыз. Көчөттөрдү отургузгандан кийин аларды жылуулап, камкордук менен карайбыз", - деп билдиришти мэриядан.
Пикир
Оставить комментарий