Бишкек, 16.09.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоонун кесепетинен турак үйдүн чатырынын 150 чарчы метри жана 200 чарчы метр темир менен жабылган бастырма, 4 контейнер, бир унаа толугу менен күйгөн.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен 1 контейнер жана 4 унаа өрттөн сакталып калды.
Такталган маалыматка ылайык кырсыктан жабыркагандар жок.
Пикир
Оставить комментарий