• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ак-Суу районунун эки тургуну диний-экстремисттик идеологиядан баш тартты

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. Ак-Суу районунда "Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами" диний-экстремисттик уюмунун 2 мүчөсүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларынан кийин И.А.А. жана Д.к.Т. аттуу жарандар "Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами" радикалдык-экстремисттик идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүп, аталган идеологияны колдоодон ыктыярдуу түрдө баш тартышты.

Мындан тышкары, алар тарабынан рецидив фактыларын болтурбоо максатында аларга УКМК тарабынан расмий эскертүү берилди.

УКМК жарандарга Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишине катышкандыгы үчүн каралган кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.

Пикир

Оставить комментарий