• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Ак-Сууда дан кампасы жер тилкеси менен мамлекеттин балансына кайтарылды

Аймак 0


Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылындагы өнөр жай базасы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган өнөр жай объекттерин жана жер участокторун мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ичке-Жергез айылында жайгашкан 700 чарчы метр аянты менен 1 га өлчөмүндөгү дан кампасы кайтарылды.

Тактап айтканда, 2000-жылдын башында С.Б. аттуу экс-чиновник кызматтык абалынан пайдаланып, Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин мүмкүнчүлүгү аркылуу документтерди жасалмалап, 1 га жер тилкеси менен дан кампасын жеке менчикке өткөрүп берген.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында С.Б. аттуу жаран жасалма документтерди мойнуна алып, мамлекеттин балансына 6 млн. 100 миң сомду түзгөн дан кампасын өз ыктыяры менен өткөрүп берди.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин, ишканаларды жана басылмаларды аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Пикир

Оставить комментарий