• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ак-Сууда жапайы тоо текени атып өлтүргөн мергенчиге 100 миң сом айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жапайы тоо текени атып өлтүргөн мергенчиге 100 миң сом айып салынды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, жаратылышты коргоо боюнча өткөрүлгөн рейддин алкагында Ак-Суу районунун Сары-Жаз сырт өрөөнүнөн келе жаткан Ак-Суу районунун А.А.Т. аттуу тургунуна тиешелүү Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү автоунааны токтотулган.

Унааны кароо жүргүзүү учурунда мыйзамсыз олжолонгон бир жапайы тоо теке табылып, жеринде 100 миң сомго айып пулга акт түзүлгөн. Чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн Ак-Суу райондук милициясына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий