Бишкек, 08.01.25. /Кабар/. Бүгүн саат 17:30га карата Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жолдордун айрым тилкелеринде бороон болууда. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Каракол – Раздольный жана Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң унаа жолдорунда каттамда кыйынчылыктар жаралууда.
№11 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан жолду тазалоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Улам тазаланган жолго бороон кайрадан кар күрткүлөрдү үйлөп салып жатат. Азыркы учурда аба ырайынын бир аз жакшырганы байкалууда. Жолду толук калыбына келтирүү кечки саат 22:00гө жакын болушу ыктымал.
Пикир
Оставить комментарий