• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Ак-Суунун Теплоключенка айылында көпүрө колдонууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылындагы узундугу 31 метрди түзгөн көпүрөнүн курулушу толугу менен аяктап, колдонууга берилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, көпүрөнүн ачылышы 25-октябрда айылдын аксакалдары, Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насиров жана №11 Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Азизбек Дыйкановдун катышуусунда болду.

Аталган көпүрө селден улам жараксыз абалга келип, жаңы көпүрөнүн курулуш иштери 2023-жылы башталган. Көпүрөнүн узундугу 31 метрди түзгөн, эки тилкелүү болуп курулду.

Пикир

Оставить комментарий