• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Ак-Талаа районунда 45 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке алынды

Аймак 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мурдагы автотранспорт ишканасынын 45 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо жана кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө УКМК тарабынан Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мурдагы автотранспорт ишканасынын жалпы аянты 2,30 га жер тилкесин мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы аныкталды.

2003-жылы мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары акционердик коомдун жооптуу кызматкерлери менен тил табышып, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, "Ак-Талаа АТП" ААКтын жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкен.

Натыйжада ишкананын 45 млн сомго бааланган жери мамлекеттин балансына кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий