Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда “Үч-Алыш” каналы пайдаланууга берилди.
Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, “Жаңы-Чегиртке” магистралдык каналынан “Эски-Чегиртке” каналына кошулуучу “Үч-Алыш” каналынын курулуш жумуштары 1985-жылы башталып, 1,2 чакырымы казылгандан кийин токтоп калган. Былтыр октябрь айында Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдардарынын муктаждыгын чечүү максатында каналды толук бүткөрүү долбоору сунушталган.
Бул үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, 9 млн 642 миң сомго 3292 метрге созулган канал курулуп бүттү.
Каналдын ишке берилиши менен 450 гектар аянтка суу берүү жакшырып, 150 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт.
Курулуш жумуштарына БУУнун Азык-түлүк программасы менен Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарынан 132 адам тартылды. Ошондой эле Кара-Бүргөн айыл аймагынын “Кадан Майстан” муниципалдык ишканасынын техникалары жардам берди.
Пикир
Оставить комментарий