• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Ак-Талаа районунда жогорку чыңалуудагы 20 электр мамычасы алмаштырылды

Коом 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Ак-Талаа районуна караштуу Пионер-Учкун участкасында жогорку чыңалуудагы 20 даана темир-бетон мамычаларын алмаштырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Иштер Нарын электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы тармактар кызматы тарабынан жүргүзүлдү.

1960-жылдары аталган аба чубалгыларын тартуу учурунда мамычалар жеринен колго куюлуп, орнотулган. Дээрлик 60 жылдан ашык кызмат кылган бул мамычалар азыркы убакта авариялык абалга келип, алмаштырууга жатат.

Маалымат катары, бул аба чубалгынын жалпы узундугу 75 чакырым ал эми тейлөөдө 449 даана мамычалардын ичинен алмаштырууга тийиш болгон СН-1 үлгүсүндө 254 даана мамычалар бар. Бүгүнкү күнгө чейин 37 даана алмаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий