Бишкек, 18.10.17. /Кабар/. "Ак жол унаа жолу" көзөмөл-өткөрмө пунктунда чек арачылар тарабынан баңги заты менен Кыргызстандын жараны кармалган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирет.
Маалыматка ылайык, өткөрмө пунктунда КРдин 1990-жылы туулган Ж.С., аттуу жаранынан 2 кг түзгөн баңги заты табылган.
Тиешелүү документтер чогултулуп, КР ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Пикир
Оставить комментарий