• 87
  • 90.44
  • 0.86

Сабырбек Жумабеков Россиянын травматолог-ортопеддеринин эң жогорку сыйлыгына татыды

Коом 0

Бишкек, 24.12.24. /Акназик Тургунбаева– Кабар/. Академик Сабырбек Жумабеков Россиянын травматолог-ортопеддеринин эң жогорку сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сыйлык травматологдордун XI Бүткүл россиялык форумунда тапшырылган. Сыйлыкты ЦИТОНУН башкы директору, Россиянын башкы травматологу Антон Назаренко тапшырды.

Академик иш-чарага тажрыйба алмашуу үчүн чакырылып, форумдун жүрүшүндө ал Кыргызстан Борбор Азияда биринчи болуп атайын эндопротез орноткону тууралуу доклад жасаган.

Белгилей кетсек, окумуштууну сыйлоо жөнүндө чечим Россиянын травматологдор жана ортопеддер ассоциациясы тарабынан үстүбүздөгү жылдын 26- ноябрында Приоров атындагы Улуттук медициналык травматология жана ортопедия изилдөө борборунун Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Маалымат үчүн: Сабырбек Жумабеков - белгилүү окумуштуу, КР Улуттук илимдер академиясынын жана Россия Илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору, Кыргызстандын травматологдор жана ортопеддер ассоциациясынын президенти, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасынын башчысы.

Жумабеков Сабырбек Артисбекович Кыргызстанда эле эмес, бир топ өлкөлөргө таанымал сөөк дарыгери.

Пикир

Оставить комментарий