Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү 30-август саат 22:00дөн 31-август саат 10:00гө чейин унаа кыймылы үчүн жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул убакыт аралыгында Ахунбаев жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде канализациялык коллекторду куруу үчүн жер иштерин жүргүзүү пландаштырылууда.

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамды алдын ала пландап алууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий