• 87
  • 90.63
  • 0.79

АКШдагы кыргызстандыктарга миграция маселелери тууралуу семинар өтүлдү

Коом 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. АКШдагы кыргызстандыктарга миграция маселелери тууралуу семинар өтүлдү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, акысыз семинар Кыргызстандын Чикагодогу башкы консулдугу менен иммиграция маселелери боюнча адистешкен жергиликтүү адвокаттык компаниялардын жетишилген макулдашууларынын алкагында уюштурулду.

Иш-чара жарандарды АКШнын аймагында өз макамдарын мыйзамдаштыруунун маанилүүлүгү, иммиграция мыйзамдарынын жана миграциялык эрежелердеги мүмкүн болгон өзгөрүүлөр менен тааныштыруу максатын көздөөгө багытталган. Семинарда катышуучулар тажрыйбалуу укук коргоочулардан жана юристтерден суроолоруна толук жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул алардын маалымдуулугун жогорулатып, макамдарын жөнгө салуу процессинде өздөрүн ишенимдүү сезүүсүнө өбөлгө түздү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын Чикагодогу башкы консулу Болотбек Борбиев адвокаттар менен юристтердин кесипкөйлүгүн жана кайдыгер эместигин жогору баалап, аларга ыраазычылыгын билдирди. Ал мындай иш-чаралар мекендештердин актуалдуу маселелерин чечүүгө гана эмес, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого да чоң салым кошорун айтты.

Чикагодогу башкы консулдук тарабынан мындан ары да АКШдагы кыргыз жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган бул сыяктуу жолугушууларды уюштурууну улантылары белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий