• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

АКШ БУУнун бюджетин кыскартууну кубаттайт

Дүйнө 0

Бишкек, 25.12.17 /Кабар/. АКШ Бириккен Улуттар Уюмунун 2018-2019-жылдарга карата негизги бюджетинин 285 миллион долларга кыскартылышын кубаттады. Кошмо Штаттар бул чечимди «туура багытты көздөй жасалган чоң кадам» деп атады.

24-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы алдыңкы эки жылга карата 5,396 миллиард доллар өлчөмүндөгү бюджетти кабыл алган. Бул 2016-2017-жылдардагы уюмдун бюджетине салыштырганда 285 миллион долларга аз.

Кошмо Штаттар мурдагыдай эле БУУну колдогон ири донор бойдон калууда. Ал уюмдун жалпы бюджетинин 22 пайызын толуктап турат.

"Биз бул каражатты кыйла үнөмдөө үчүн уюмдун ашыкча көбөйтүлгөн штатын жана аны колдоо функцияларын кыскарттык. Муну менен АКШнын бүткүл дүйнөдөгү негизги приоритеттерин колдоону бекитип, БУУнун бүтүндөй системасындагы тартипти жана отчеттуулукту жолго салдык", - деди АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли.

Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныган өлкөнүн чечимин четке каккан БУУнун резолюциясын колдогон мамлекеттерге каржылык жардамды азайтарын билдирген. Резолюциянын кабыл алынышын 128 өлкө кубаттап, 9у каршы добуш берген.

Пикир

Оставить комментарий