• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

АКШ Pfizer жана BioNTech вакциналарын тез арада колдонууну кубаттады

Дүйнө 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармектердин сапатына көзөмөл жүрүзүү башкармалыгынын атайын комитети коронавируска каршы Pfizer жана BioNTech компаниялары иштеп чыккан вакциналарды тезирээк түрдө колдонуу сунушун колдоду.

Америкалык басылмалар кабарлагандай, комитеттин сунушу менен башкармалык препаратты колдонуу боюнча макулдугун жума же ишемби күнү бериши мүмкүн.

АКШ бийлиги эмдөөнүн биринчи этабында бардык штаттарга алты жарым миллион доза вакцина жөнөтөт. Биринчи кезекте медиктер, COVID-19га чалдыккан бейтаптар менен иштеген кызматкерлер эмдөөдөн өтөт.

Пикир

Оставить комментарий