• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

АКШ Түркияга F-35 учактарын сатпайт

Дүйнө 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. АКШнын президенти Дональд Трамп Анкарага америкалык F-35 аскер учактарын сатуудан баш тартуу чечимин кабыл алды. Бул Түркияга Орусиянын С-400 зениттик-ракеталык комплекстеринин жеткириле баштаганына жооп болду.

Вашингтон Түркияга 116 аскердик учагын сатуудан баш тарта тургандыгы күтүлүп жаткан, бирок Мамлекеттик департамент президенттин билдирүүсүнө чейин бул боюнча эч кандай реакциясын билдирбей келген.

Пентагон эгер F-35 учактары Түркияга жеткирилсе, Орусия С-400 комплексиндеги радарлардын жардамы менен андагы электроника тууралуу маалыматтарга жетип алат деп тынчсызданып жаткан.

Эми түрк ишканалары НАТО өлкөлөрүнүн ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында өндүрүп жаткан F-35тин жүздөгөн бөлүктөрүн чыгаруу лицензиясынан ажырайт. Түркия бул бөлүктөрдүн аркасы менен 200 миллион доллардан ашык акча таап келген. Дональд Трамп F-35 учактарынын өндүрүүчүсү болгон «Локхид-Мартин» корпорациясына компенсация катары кошумча келишимдерге кол коюла турганын убадалады.

Трамп Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын орусиялык С-400 комплекстерин сатып алуу чечимин түшүнүү менен кабыл алды. Анткени Барак Обаманын администрациясы Анкарага америкалык «Патриот» зениттик-ракеталык комплекстерин өзгөчө катаал шарттар менен саткысы келген. Бирок Конгрессте демократтар менен республикачылар Ак үйдү F-35ти сатуу келишимин жокко чыгаруудан тышкары Орусиянын аскердик-өнөр-жай комплекси менен кызматташкандыгы үчүн Түркияга санкцияларды киргизүүгө чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий