АКШда 25 жаштагы кыз ооруну басаңдатуучу дары ичкенден кийин каны көк түскө айланган

Дүйнө 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Америка Кошмо Штатынын Нью-Йорк шаарынын 25 жаштагы тургуну тиш ооруну басаңдатуучу дары ичкенден кийин каны көк түскө айланган. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазат.

25 жаштагы кыз дарыканалардын биринен бензокаин кошулмасы бар ооруну басаңдатуучу дарыны сатып алган. Уктаардын алдында ооруну басаңдатууну каалап, сатып алган дарынын дээрлик бардыгын ичип алган.

Эрте менен өзүн жаман сезгендиктен дарыгерге кайрылууну чечкен. Дарыгерлер кыздын артериясынан канды алып жатып, анын өңү кара-көк түстө болгонун байкаган. Ал гана эмес, кыздын денеси жана тырмагында көк түстүн тактары болгонун байкашкан.

Анализдин негизинде кандын курамында кычкылтек 67%ды гана түзгөнүн билишкен, негизинен адамда 95-100% болушу керек эле. Эгер ыкчам жардам көрсөтүлбөсө кандын мындай көрсөткүчү адамды өлүмгө же мээнин олуттуу жабыркашына алып келмек.

Дарыгерлер 25 жаштагы кызга "метгемоглобинемия" диагнозун койгон. Оорунун келип чыгышынын себеби бензокаин кошулган оору басаңдатуучу дарыны көп өлчөмдө колдонуусу болгон.

Учурда бейтап дарыланып жатат жана өзүн жакшы сезип жатканын Daily Mail басылмасы кошумчалайт.

Пикир

Оставить комментарий