• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

АКШнын Монтана штатында көк бөрү оюну өтөт. Уюштуруу маселеси талкууланды

Маданият 0

Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. 2024-жылы АКШнын Монтана штатында көк бөрү оюну өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигеринин жолугушуусунда айтылды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар этномаданий жана этноспорт тармагындагы кызматташуу, Кыргызстан менен АКШнын аймагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги тууралуу маселелерди талкуулашкан.

Министр Алтынбек Максутов Кыргызстан эгемендик алгандан бери АКШ менен болгон эки тараптуу достук мамилелер бекемделгенин, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө тыгыз байланыштарды мындан ары да илгерилетүүгө умтулуу керектигин белгиледи.

Өз кезегинде элчи Лесли Вигери министр Алтынбек Максутовго жолугушууга убакыт бөлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, маданий мурастарды сактоо, спорт жана жаштар саясаты жаатында ишке ашырылган долбоорлор жөнүндө маалымат берди.

Элчи Лесли Вигери Талас облусундагы "Манас-Ордо" мемориалдык комплексине болгон сапары жана манасчынын сүйлөгөн сөзүнөн алган таасирлери менен бөлүштү.

Соңунда тараптар кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий