Аксы районунун Дейрес-Сай айылына жаңы көмөк чордон курулду

Аймак 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев Аксы районунун Дейрес-Сай айылына жаңы курулган 35/10 кВ "Дейрес" көмөк чордонунун ачылышына катышты.

Дейрес-Сай айылына 35/10 кВ көмөк чордонун куруу жана мурда өздөштүрүлүп, бирок пайдаланылбай келген 90 гектар сугатсыз калган жерлерди сурагуу үчүн насостук станция куруу маселеси өткөн жылы 15-16-декабрда өткөн II Элдик курултайда көтөрүлгөн.

Ошентип, президент Садыр Жапаровдун көмөк чордон куруу тапшырмасынын негизинде аталган аймакка жаңы көмөк чордон орнотулду. Эми буга чейинки элдин суранычы орундалып, 90 га жер суу менен камсыз болот.

Анын курулушуна "Кыргызстан улуттук электр тармактар" ААКтын өздүк эсебинен 16 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий