• 87.86
  • 93.94
  • 1

Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагына суу бургулоочу техника алынды

Аймак 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагына суу бургулоочу техника алынды.

Атайын бургулоо иштерине алынган техниканын наркы 22 млн сомду түзүп, аны сатып алууга Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан 15,4 млн сом жана Аксы райондук өнүктүрүү фондунан 1 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал эми калган 5 млн сом республикалык бюджеттин эсебинен берилген. Жергиликтүү бюджеттен болсо 600 миң сом каралган.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, техниканы тапшыруу иш-чарасы 29-мартта өтүп, ага төрага Нурланбек Шакиев катышып, жергиликтүүлөргө ишке ашырылып жаткан реформалар тууралуу айтып берген.

Пикир

Оставить комментарий