Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Аксыда аты менен сууга түшүп кеткен 11 жашар бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 24-май күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Терс айылынын тургуну, 2010-жылы туулган эркек бала Кара-Суу айыл аймагынын Желе-Терек тилкесинде жайлоого мал айдап бара жатып, мал өтүүчү көпүрөдө аты үркүп кетип, аты менен кошо сууга түшүп кеткен.
Жерине 15 куткаруучу тартылып, 8 чакырым суунун жээгин издөө иштерин жүргүзүлдү.
Бүгүн, 26-май күнү издөө иштери улантылат.
Пикир
Оставить комментарий