• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Аксыда үйүн камсыздандырган жаранга 500 миң сомдук сертификат тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Аксы районунда үйүн камсыздаруудан өткөргөн жаранга 500 миң сомдук сертификат тапшырылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сертификатты Жалал-Абад облустук мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчиси Сталбек Абдурасулов жана Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков тапшырды.

Кулматов Бектеналы 4 жылдан бери үйүн камсыздандыруудан өткөрүп келет. 2023-жылдын февраль айында 9 метр бийиктиктен үйүнө таш кулап, жараксыз абалга келгендигине байланыштуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан 500 миң сомдук сертификат берилди.

Пикир

Оставить комментарий