• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аксыда күкүрт кислотасын сатууга шектелип милиционер кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда күкүрт кислотасын сатууга шектелип милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 284-беренеси (“Прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо”) боюнча мурда катталган материалдын алкагында атайын тергөө аракеттери жүргүзүлгөн.

"10-мартта саат 13:00дө Аксы районунун Кербен шаарында мурда контрабандалык жол менен күкүрт кислотасы алынып келген материалдарды сатуу учурунда Аксы райондук милициясынын 37 жаштагы М.А. аттуу кызматкери кармалган. Анын үйүнөн 563 кг 700 гр күкүрт кислотасы алынган. Буга чейинки “Контролдук сатып алуу” атайын операциясынын жүрүшүндө М.А. Ош облусунун аймагында 330 кг 950 гр күкүрт кислотасынын прекурсорлорун саткан. Алынган прекурсорлордун жалпы салмагы 894 кг 650 гр түзгөн", - деп белгилешти ведомстводон.

Учурда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Кармалган М.А. Өзгөн райондук милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий