• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Аксыда сел алган ички чарбалык жолдор калыбына келтирилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы сел алган 4 миң 370 метр ички чарбалык жолдорду калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жерине жарандык коргонуу кызматтарынын 12 даана бирдиктүү техника тартылып, ӨКМ тарабынан күйүүчү май менен камсыздалган.

Эскерте кетсек, 21-22-май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Аксы районунда ички жолдорду жана көпүрөлөрдү сел алган.

Пикир

Оставить комментарий