• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Аксыда жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүдө маалымдалгандай, 1-апрель күнү саат 07:00дөр чамасында Аксы аймактык ооруканасынын дарыгери “102” кызматына Кара-Суу айылынын 14 жаштагы тургуну аталган оорукананын төрөт бөлүмүндө төрөгөндүгүн кабарлаган.

Аталган окуя Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүмү (“Зордуктоо”) менен сотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө.

“5-апрелде Аксы районунун 17 жаштагы А.К. аттуу тургуну шектүү катары кармалып, Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий