Аксынын Кашка-Суу айылында фитнес залы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айылында фитнес залы ачылды. Бул тууралуу Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Фитнес залы Швейцариянын колдоосу менен Хельси-Фючер башында турган "Кыргыз Республикасынын жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана эффективдүү башкаруу" долбоорунун каржылоосу менен "Дени сактык коомдун келечеги, кыймыл аракет жашоо булагы" кичи долбоорунун алкагында салынды.

Долбоордун сметалык баасы 1 млн 300 миң сомду түзгөн. Донор тарабынан 1 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом жумшалган.

Залдын ачылыш аземине Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Камчыбек уулу Шекербек, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айылдык ден соолук комитеттеринин өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий