Актан Арым Кубаттын “Эсимде” тасмасы “Азиянын Оскарына” көрсөтүлдү

Маданият 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын “Эсимде” тасмасы “Азиянын Оскарына” көрсөтүлдү. Бул тууралуу кинопродюсер Алтынай Койчуманова билдирди.

Азия-Тынч океан киноакадемиясынын (APSA) 15-премиясынын салтанаттуу иш-чарасы 11-ноябрда Австралиянын Голд-Косте шаарында өтөт. Бул жылы аталган иш-чарага Кыргызстандан режиссер Актан Арым Кубаттын “Эсимде” тасмасы катышууда. Аталган тасма “Мыкты тасма”, “Мыкты сценарий” жана “Каарманды мыкты ойноо” номинациялары боюнча жарышат.

Ал эми “Эсимде” тасмасынын Кыргызстандагы бет ачары 17-ноябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий