• 87
  • 90.63
  • 0.79

Актаудагы учак кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктарга кенемте төлөнүп берилет

Коом 0

Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Актаудагы учак кырсыгында жабыркагандарга кенемте төлөнүп берилет.

Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, Актау шаарындагы авиакырсыкта жабыркаган кыргызстандыктарга кенемте төлөп берүү маселеси каралып жатат. Жакын арада анын өлчөмү аныкталып, жабыркагандарга кенемте төлөнүп берилет.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги "АЗАЛ" авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен камсыздандыруу кенемтелерин төлөп берүү маселеси боюнча байланышта экендиги белгиленди.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Актаудагы авиакырсыкта жабыркаган үч кыргызстандык бүгүн өлкөгө алып келинди.

Учурда жабыркаган жарандардын ден соолугу канааттандырарлык деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий