• 87
  • 89.77
  • 0.79

Актаудагы учак кырсыгы. Улуттук госпиталдан эки бейтап үйүнө чыгарылды

Ден соолук 0

Бишкек, 08.01.25. /Кабар/. Актауда учак кырсыгында жабыркаган эки бейтап Улуттук госпиталдан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Ведомстводон маалымдашкандай, үчүнчү жабырлануучу нейротравма бөлүмүндө жатат. Анын абалы туруктуу деп бааланууда.

Белгилей кетсек, 25-декабрда J2-8243 номерлүү Баку – Грозный каттамын аткарып бара жаткан "Азербайжан аба жолдоруна" таандык Embraer 190 үлгүсүндөгү учак Казакстандын Актау шаарынан 3 чакырым алыстыкта кулаган. Бортто жалпы 67 адам, анын ичинде 5 экипаж мүчөсү болгон. Расмий маалыматтар боюнча, алардын ичинен 38 адам каза таап, 29у аман калган.

30-декабрда учакта жабыркаган үч кыргызстандык Бишкекке алып келинген.

Пикир

Оставить комментарий