• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Активист Адилет Балтабайга карата пробациялык көзөмөл жокко чыгарылып, камакка алынды

Коом 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Активист Адилет Балтабай беш жылга эркинен ажыратылды.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, сот отурумунда М.А.А. аттуу жарандын иши каралган.

Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана жоруктар боюнча соттук коллегиясынын 12-январдагы өкүмү менен Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 11-ноябрындагы өкүмү өзгөртүлгөн. Өкүмдүн корутунду бөлүгүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренеси (“Пробациялык көзөмөлдү колдонуу”) алып салынды. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөрүүсүз калтырылды.

Адилет Балтабай сот залында камакка алынды.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында Биринчи май райондук соту активист Адилет Балтабайды массалык башаламандык уюштурууга үндөөгө күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Бирок активист үч жылга пробациялык көзөмөл орнотулгандыктан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий