• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Акыйкатчы банджи-жампингдерди аттракционддордун тизмесине киргизүүнү сунуштады

Коом 0

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аттракциондорду коопсуз иштетүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү өтүнүп, министрлер кабинетине кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматта белгилегендей, учурда бийиктиктен аркан менен секирүү (банджи-жампинг) аттракциондордун түрлөрүнүн тизмесине киргизилген эмес. Мындан улам Акыйкатчы институту аны аттракциондун механикалаштырылбаган түрү катары тизмеге кошууну сунуштады.

Мыйзамдарда механикалаштырылбаган аттракциондун бул түрүн коопсуз эксплуатациялоону уюштуруу боюнча эч кандай талаптар каралган эмес. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо министрлер кабинетинин токтому менен бекитилгенин белгилеп кетүү керек.

"Албетте, Кыргызстанда тоо туризминин ар кандай түрлөрүн жана экстремалдык көңүл ачууну ишкердиктин бир түрү катары өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар. Бул жалпы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана калктын иш менен камсыз болушуна шарт түзөт. Бирок, адам өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо башкы фактор болушу керек. Мамлекеттик органдар жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүшү керек", - деди Жамиля Жаманбаева.

Эске салсак, 6-июлда Аламүдүн районунун Татыр айылында 39 жаштагы жаран экстремалдык аттракциондон секирүү учурунда аркан үзүлүп кетип, каза болгон. Ошол эле күнү Flуjump спорт комплексинин ээси милиция тарабынан кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси ("Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу") менен иш козголгон. Кийин соттун чечими менен ал үй камагына чыгарылган болчу.

Пикир

Оставить комментарий