• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Акыйкатчы институту Конституциялык сот менен адам укуктарын коргоо боюнча ишин күчтөндүрөт

Коом 0

Бишкек, 21.06.23./Кабар/. Акыйкатчы (Омбудсмен) институту КРнын Конституциялык соту менен адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча ишин күчтөндүрүүгө ниеттенүүдө, анткени тыгыз кызматташуу Кыргызстандагы адам укуктарына байланышкан жагдайды жакшыртууга өбөлгө болмокчу. Бул тууралуу бүгүн Конституциянын 30 жылдыгына арналган “Конституция укуктук, демократиялык мамлекетти куруунун негизи катары” деп аталган эл аралык илимий-практикалык конференцияда акыйкатчы Жамиля Жаманбаева билдирди.

Акыйкатчы Кыргызстан эгемендикке жетишкенден учурдан тартып, өлкөнүн Конституцияны кабыл алышы кыргыз мамлекетүүлүгүнүн кайра жаралышынын, ошондой эле өлкөнүн негизги мыйзамында чагылдырылган негизги адам укуктары жана эркиндиктерин аныктоонун тарыхый маанилүү баскычы болуп калганын белгилеп өттү.

“Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган учурдан бери ал алмашып, өзгөртүүлөр киргизилип келгенине карабай, адам укуктарына ар дайым өзгөчө көңүл бөлүнүп келгени кубандырат. Кыргызстанда адам укуктары боюнча эл аралык стандарттардын нормалары дагы өлкөнүн Баш мыйзамында ордун таап келет. Өлкөнүн негизги мыйзамы катары Конституция адамдын жана жарандын укуктарын камсыздаш үчүн абдан негиздүү мааниге ээ, КРнын Конституциясынын талаптарына башка ченемдик укуктук актылардын дал келишин камсыздоодо да чечүүчү ролду аткарып келет”.

Акыйкатчы адам укуктары менен эркиндиктерин камсыздоодо Конституциялык соттун ролу абдан жогору экенин, анткени адамдардын тагдырына, коомго жана бүтүндөй мамлекетке таасир бере турганын баса белгиледи.

“Мыйзамга ылайык, КРнын Акыйкатчысы Кыргызстандын Конституциялык сотуна мыйзамдарды жана айрым ченемдик укуктук актыларды конституциялык эмес тааныбоо жөнүндө кайрылууга укуктуу. Акыйкатчы институту адамдын Баш мыйзамдагы укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун алкагында Конституциялык сот менен өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча тыгыз байланышта, мындан улам биздин институт аталган багытта жана жалпы эле Конституциялык сот менен өз ишин күчтөндүрүүгө ниеттенүүдө”, – деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий