Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкектеги тергөө абагына барды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Маалыматта белгиленгендей, институт жалпыга маалымдоо каражаттарына жана социалдык тармактарда камакка алынгандардын укуктары бузулуп жаткандыгы тууралуу чыгып жаткан маалыматтарга байланыштуу тергөө абагындагы абалга мониторинг жүргүзүүдө.
Мониторинг учурунда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери кармалгандар менен баарлашты. Алардын айтымында, 20-декабрдан тарта жыйырмадан ашуун кармалгандар ачкачылык жарыялоодо. Ачкачылык жарыялоо менен алар күч колдонууну токтотууну жана адвокаттар менен тоскоолдуксуз жолугушууну камсыз кылууну талап кылышууда.
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери кармалгандардын айрымдарынын дене-боюн карап чыкты. Алардын ичинен экөө акыйкатчынын атына арыз менен кайрылып, тергөө абагынын кызматкерлери күч колдонгонун белгилешти.
Айтымдарында, аларды союл менен сабап, тепкилешкен, медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. Денелеринде ур-токмоктун белгилери, шишиктер жана гематомалар бар экени аныкталган. Жабырлануучулар криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү.
Ошондой эле мониторингдин жүрүшүндө мекеменин жетекчилиги тарабынан 21-декабрдан тарта айыпталуучулардын жана соттолгондордун жактоочулары менен жолугуу графиги өзгөртүлгөндүгү белгилүү болду. Ага ылайык, ишемби жана жекшемби күндөрү дем алыш күнү болуп эсептелинет.
Акыйкатчы институту Жазык-процесстик кодексинин 46-беренеси боюнча айыпталуучу өз жактоочусу менен жекеме-жеке жана убакытка чектөөсүз эркин баарлашууга укуктуу экенин эскертет.
Ошол эле маалда тергөө абагынын жетекчилигинин абактагыларга келгендерди жолуктуруу графигин өзгөртүү боюнча чечиминин мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кат жолдоду. Мындан тышкары, тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан кармалгандарга карата күч колдонгону боюнча бардык чогултулган материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, институттун кызматкерлери 20-21-декабрда тергөө абагына мониторинг жүргүзүшкөн. Анда алар Темирлан Султанбеков жана анын камералаштары менен баарлашкан. Тактап айтканда, буга чейин каты соцтармактарга жарыяланган адам менен да сүйлөшүшкөн.
Институттун кызматкерлери анын денесине кароо жүргүзгөндө эч кандай зордук-зомбулуктун белгилери табылган эмес. Бетинде көгөргөн тактарды ал ошол күнү сейилдөө учурунда тайып жыгылып уруп алганын билдирген.
Бирок, 21-декабрда ал институттун кызматкерлерине башкача көрсөтмө берип, ага карата физикалык күч колдонулганын тастыктаган. Акыйкатчыга жазган арызында ал укугун коргоп берүүнү суранган.
Тергөө абагынын кызматкерлери 20-декабрда камераларга тыюу салынган предметтерди киргизбөөнүн алдын алуу максатында тинтүү болгонун кабарлашкан.
Акыйкатчы Жамийла Жаманбаева камакка алынгандардын арыздарын жеке көзөмөлүнө алганы айтылды.
Пикир
Оставить комментарий