• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Акыйкатчы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун көбөйгөндүгүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди

Коом 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы учурларда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган келиндерден келген даттануулар көбөйүүдө. Буга байланыштуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева кыз-келиндерге жана айымдарга аяр мамиле кылууга үндөдү.

Акыйкатчы институтунан маалымдашкандай, коомдо чоң резонанс жараткан 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнөн кийин акыйкатчы тынчсыздануусун билдирди.

“Акыркы учурларда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган келиндерден даттануулар көбөйүүдө. Алар кордолуп, укуктары бузулуп, аянычтуу тагдырга туш келип жатышат. Ошону менен катары эле элибизде орчундуу көйгөй жараткан келин менен кайын-журттун ортосундагы ажырымды бириктиришибиз керек. Ар бир үй-бүлө жаңы келген келинди өз кызындай кабыл алып, аяр мамиле кылуусу зарыл. Кээ бир үй-бүлөлөр ичинде кайын-журттун кийлигишүүсүнөн жаш жубайлар ортосунда чыр-чатак чыгып, айрым учурларда келиндер өз жанын кыюуга барышууда. Ошол себептен тиешелүү мамлекеттик органдар үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыз-келиндердин укуктарын коргоо жаатында кечиктирилгис чараларды көрүшү зарыл ”, - деди Жамиля Жаманбаева.

Акыйкатчы институту изилдөөнүн жыйынтыгына таянып, бул багытта иш алып барган мамлекеттик органдардын ишине көзөмөлдү күчөтүү боюнча министрлер кабинетине жана Башкы прокуратурага кат жолдогондугу белгилүү болду.

Эске салсак, Жамиля Жаманбаева Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча ишти өз көзөмөлүнө алган. Бүгүнкү күндө акыйкатчы институту тарабынан Айтурган Маматкулованын жакындарына укуктук жана юридикалык жардам көрсөтүлүп жатканы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий