• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Акыйкатчы Нарында бычакталган келиндин окуясын көзөмөлүнө алды

Коом 0

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Нарын шаарында күйөөсү бир нече жолу бычак менен сайып жиберген келиндин окуясын жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

“Мени абдан өкүндүргөнү кыз-келиндерге карата зордук-зомбулук күчөп жатканы. Бул окуяны мен абдан тынчсыздануу менен кабыл алып, укук коргоо органдарын үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алууга чакырат элем. Мындай жүрөк үшүн алган окуялар кайталанбашы керек. Күнөөлүүлөр мыйзам чегинде өз жазасын алышы керек”, - деди акыйкаты.

Белгиленгендей, Акыйкатчы институтунун Нарын облусундагы өкүлү жолдошу тарабынан бычакталып, оор абалда облустук ооруканада жаткан келинден кабар алды. Жабырлануучу жолдошу ага буга чейин да зомбулук көрсөтүп келгенин, ошондуктан келин үстүбүздөгү жылдын июль айында балдарын алып үйүнөн чыгып кеткенин айтып берген.

“Ал менин үйүмдүн дарегин билбей калып, жумушка келип бычактап кетти. Үйүмдүн дарегин билгенде ээн-эркин мени өлтүрүп эле кетмек экен. Укук коргоо органдары тарабынан адилет чечим кабыл алынып, тиешелүү жазасын алсын деп сурайт элем”, - деген жабырлануучу.

Жубайлардын ортосунда 3 баласы бар.

Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлү жабырлануучуга зарыл болгон укуктук жана юридикалык жардам көрсөтүүдө. Келинге узак мөөнөттүү реабилитация талап кылынат.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 31-августунда социалдык тармактарда Нарын шаарындагы соода борборунун биринде жайгашкан ашканадан 42 жаштагы эркек киши 41 жаштагы аялынын моюнуна бир нече жолу бычак сайып жиберген видео таркаган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, ал эми шектүү кармалып, эки айга камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий