• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Акыйкатчы тиешелүү органдарды Сокулукта зомбулукка кабылган аялдын укугун коргоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өзгөчө тынчсыздануу менен мамлекеттик органдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган 22 жаштагы аялдын укугун коргоону камсыз кылууга чакырат.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, Сокулукта жаш келин ур-токмокко кабылып, ооруканага түшкөнү жана мыкаачылык анын жаш балдарынын көз алдында болгону тууралуу маалымат түшкөн.

"Мындай зөөкүрлүк, кылмыш жазасыз калбашы керек. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын-алуу жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында тез чаралар көрүлүшү зарыл”, - дейт акыйкатчы.

22 жаштагы аялдын зомбулукка кабылгандыгы боюнча маалымат түшөрү менен Институттун кызматкерлери акыйкатчынын тапшырмасы менен ооруканага барып, жабырлануучудан кабар алышты.

Сокулук райондук оорукананын директору Эркинбек Осмоналиев жабырлануучунун абалы орточо оор экенин, жаш келин катуу сабалганын айтат.

Ал эми жабырлануучунун апасынын айтымында, Анын айтымында, кызы 16 жашында турмушка чыккан кызы күйөөсү менен жакында эле миграциядан кайтып келишкен.

"Буга чейин күйөөсү кол көтөргөнүн билбейм. Бирок, "апаңа зыян тийгизем, жада калса өлтүрүп да коем" деп шантаж кылып, коркутуп жүрчү экен. Мен азыр кызымдын гана ден соолугун ойлоп турам. Күйөө балам өз колу менен жасаганын керт башы менен тартып, жазадан кутулуп кетпеши керек", - дейт ал.

Үй-бүлөнүн эки кызы бар: алты жана үч жашта. Алар учурда апасынын туугандарында.

25 жаштагы шектүү К.М.га КР Кылмыш-жаза кодексининин "Уруп, сабоо жана кыйноо” беренеси менен иш козголуп, соттун чечими менен 27-декабрга чейин Тергөө абагына камакка алында.

Акыйкатчы институту жабырлануучуга укуктук жардам көрсөтүү боюнча бардык керектүү чараларды көрүүдө. Андан тышкары, институттун кызматкерлери бекер жактоочу менен камсыздоого жана психологиялык жардам көрсөтүлүшүнө көмөктөшөт.

Эскерте кетсек, зомбулук 28-октябрдан 29-октябрга караган түнү болгон. 22 жаштагы аял 29-октябрь күнү Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий