• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Акыйкатчы Ысык-Көлдө зордукталган майып кызга кечиктирилгис жардамдарды көрсөтүү керектигин айтты

Коом 0

Бишкек, 13.08.24. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ысык-Көлдө зордукталган майып кызга тиешелүү мамлекеттик органдарды кечиктирилгис жардамдарды көрсөтүүгө чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Жаманбаева өзгөчөлүгү бар жарандардын кордолушу өтө кейиштүү жана орчундуу көйгөй экендигин, алар мамлекеттик деңгээлде корголушу керектигин айткан.

“Мындай жарандар ансыз да мамлекеттик деңгээлде өзгөчө корголууга муктаж. Тилекке каршы, майыптыгы бар кыздарыбыздын кордолушу мени өтө тынчсыздандырат. Мамлекеттик жана укук коргоо органдары өзгөчөлүгү бар жарандарга кордук көрсөткөндөргө катаал чараларды көрүшү керек. Биз баарыбыз биргеликте өзгөчөлүгү бар жарандарыбызга коопсуз шарт түзүп, жетиштүү деңгээлде колдоого алышыбыз зарыл”, - деп эсептейт акыйкатчы.

Окуядан кийин Акыйкатчы институтунун Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү жабырлануучунун апасына укуктук жана юридикалык жардамдарды көрсөтүштү.

Ошону менен катары эле, акыйкатчынын тапшырмасы менен акысыз жактоочу берүүгө көмөк көрсөтүп, кызга тажрыйбалуу психологдун жардамы дайындалды.

Бүгүн күндө жабырлануучу кыздын ата-энеси милиция кылмышка шектүүлөрдүн бирин кармабай жатканына нааразы болууда.

“Кызым 24 жашта экинчи топтогу майып, 20 пайыз гана угат жана жакшы сүйлөй албайт. Кызымдын майыптыгынан пайдаланып, уурдап кетип, ээн талаада таштардын арасынан зордукташкан. Ошол учурда кызымдын буту сынган. Анан мал сарайга алып барып, үч сутка бою камап алып, сабап, кордоп, зордуктаган. Азыр кызымдын психологиялык абалы оор, ага атайын адистердин жардамы керек. Бүгүнкү күндө, кызымды зордуктагандардын бирөөсү эркиндикте жүргөнү мени өтө капалантат. Кызымды кордогондордун баары тиешелүү жазаларын алып, адилет чечим кабыл алынса экен дейм”, - деген кыздын апасы.

Өз кезегинде акыйкатчынын өкүлү Ысык-Көл облусунун жаңы дайындалган прокурору менен жолугуп, бул ишти жеке көзөмөлүнө алууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий