• 87
  • 90.41
  • 0.84

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Каракол шаарынын тургундары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургундары менен жолугушту.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, жашоочулар өз кайрылууларында билим алууда, жер маселесинде жана башка учурларда укуктары бузулуп жатканын айтып, арызданышты.

Жолугушууга мамлекеттик органдардын жетекчилери катышып, элдин суроолоруна жеринде жооп берди.

Анда жалпысынан 32 кайрылуу болуп, анын ичинен 23ү жазуу түрүндө түштү.

Эл менен жолугушуудан кийин акыйкатчы зордуктоого кабылган 9 жашар кыздан жана анын ата-энесинен кабар алды.

Учурда кыз коопсуз жерде, ата-энесинин камкордугунда. Ага зарыл болгон адистер жардамдарын көрсөтүүдө. Бирок кызга узак мөөнөттүү реаблитация талап кылынат.
Кызды зордуктоого шектүү эки эркек киши кармалган.

Өз кезегинде акыйкатчы өзгөчө тынчсыздануу менен тиешелүү мамлекеттик органдарды балдардын коопсуздугун камсыздоону күчөтүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий