• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Акыйкатчынын аппаратынын бир кызматкеринен коронавирус аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Кыргызстандын Акыйкатчысынын аппаратынын бир кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коронавирус бөлүм башчыларынын биринен табылган. Учурда ал кызматкер обочолонгон.

Акыйкатчы институтунда коронавирус табылгандыгына байланыштуу кызматкерлердин бир бөлүгү аралыктан иштөөгө өткөн.

“Күн сайын жумуш маалында аппараттын адистери нөөмөттө иш алып барууда. Ошондой эле жарандар 115 түз байланыш номерине кайрыла алышат. Түнкү маал чалуулар атайын программа тарабынан жазылып калат – ал кийинки күнү операторлорго кайра чалууга мүмкүндүк берет”, - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары жарандар кайрылууларын жана арыздарын почта аркылуу “Бишкек шаары, Тыныстаноы көчөсү 120, Акыйкатчы аппараты” дареги боюнча; ombudsman@inbox.ru электрондук почтасы же http://ombudsman.kg сайты аркылуу жөнөтө алышат.

Пикир

Оставить комментарий