Бишкек. 03.06.21. /Кабар/. Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарын шайлоо жөнүндө маселе каралды. Шайлоого 9 талапкер катышты. Талапкерлерди депутаттарга акыйкатчы Токон Мамытов тааныштырды.
Жабык электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгында Альберт Көлөпов 74 добуш менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарлыгына шайланды.
Пикир
Оставить комментарий