Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Акыйкатчынын “Укук кербени” аталышындагы кезектеги калк менен жолугушуусу Жалал-Абад облусунда өттү.
Акыйкатчы институтунан маалымдашкандай, Жамиля Жаманбаева менен жолугушууга 300гө жакын тургун катышты. Ошондой эле облустагы мамлекеттик органдардын жетекчилери да келип, элдин суроолоруна жеринде жооп беришти.
Анда Жалал-Абаддын жашоочулары көбүнчө жер, турак жай, социалдык көйгөйлөр жана укук коргоо органдарынын иш-аракеттерине нааразычылыгын билдирип кайрылышты.
Акыйкатчы мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринен айтылган көйгөйлөрдү кечиктирбестен чечүүнү сунуштап, алардын аткарылышын көзөмөлдөп турарын билдирди.
Ошону менен катары эле, келгендердин арасынан Базар-Коргон районунун жашоочусу кайрылып, 30 жылдан бери жашаган үйүн кайниси тартып алганын айтты.
“Менин балдарым менен 30 жыл жашаган үйүмдү кайним талашып жатат. Акыры үйүбүздү бошотуп берүүгө аргасыз болуудабыз”, - деди ал.
Жаманбаева жогорудагы маселени жеринен карап, соттун чечими менен таанышып чыгууну тапшырды.
Акыйкатчыга этникалык кыргыз жараны “кайрылман” статусуна ээ болуп, Кыргызстанда жашап жатканына көп жыл болсо да, мамлекет тарабынан үй курууга жер тилкесин ала албай жатканын айтып, көмөктөшүүнү өтүндү.
Социалдык маселелер боюнча кызматкер жеринен дароо бул ишти көзөмөлгө аларын билдирип, “кайрылман” сататусундагылардын маселеси кечиктирилбестен караларын белгиледи.
Жолугушуу учурунда акыйкатчыга Жалал-Абаддын тургуну кызын зордуктап жүргөн жаран дагы да болсо боштондукта жүргөнүн айтып, күнөөлүүнүн тиешелүү жазасын алышына жардам берүүнү суранды.
“Кызымды зордуктап, абийирине шек келтирип, мазактаган жаран дагы да болсо боштондукта жүргөнү мени кооптондурат. Ал кызыма зыянын тийгизбейт деп ким кепилдик бере алат?”, - деди кыздын атасы.
Жалал-Абад облусттук прокуратурасынын жетекчисинин орун басары бул иш тууралуу соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга электигин билдирип, тергөө иштерин көзөмөлгө аларын айтты. Ошону менен катары эле тергөө органдары жагдайлардын баарын карап чыгуу керектигин кошумчалады.
Акыйкатчы бул ишти жеке көзөмөлүнө алып, аялдардын жана кыздардын укугун коргоо өзгөчө көңүл борборунда экенин билдирди.
Пикир
Оставить комментарий