Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Акылбек Осмоналиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.
Эске сала кетсек, Акылбек Осмоналиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, ордуна Балбак Түлөбаев дайындалды.
Пикир
Оставить комментарий